Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Парламенттик шайлоону жылдырып, конституцияны өзгөртүү сунушталды, - Текебаев

22.10.2020 14:52
681
Парламенттик шайлоону жылдырып, конституцияны өзгөртүү сунушталды, - Текебаев


Парламенттик шайлоону жаз мезгилине чейин жылдырып, ага чейин Конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизсек деген сунуш түштү. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 22-октябрда билдирди.


Анын айтымында, контитуциялык мыйзам өзгөртүлүп, шайлоо мөөнөтү жылдырылса, Борбордук шайлоо комиссиясы ошого жараша иш жүргүзөт.


"Бизге өкмөт жана кээ бир фракциялар тарабынан сунуш келип түштү. Кыргызстанда учурда бюджеттин дефицити абдан чоң, акча тартыш, экономикалык кризисте турабыз. Шайлоо мыйзамын өзгөртпөй туруп эле, шайлоо өткөрүү элдин пикирин эске албаганга барабар болот деп парламенттик шайлоону жаз мезгилине чейин жылдырып, ага чейин конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунушташты. Мен бир шарт менен, тактап айтканда парламенттик башкаруу системасын сактап калуу жана өкмөт менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү жана президенттин укуктарын азайтуу шарты менен гана макулдугумду бердим. Бүгүн бул долбоор талкууга коюлат", - деди Текебаев. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн