Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Партия лидери Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

28.02.2021 23:18
797
Партия лидери Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты


"Бир Бол" саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирди.


"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Акматов Алмазбек Жумабекович 2021-жылдын 28-февралында 56 жашында дүйнө салды.


Алмазбек Жумабекович Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, калктын социалдык жана экономикалык маселелерин чечүүгө бардык күч-аракетин жумшап, шайлоочулар менен тыгыз иш алып барып келген. 


Акматов Алмазбек Жумабековичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Алмазбек Жумабековичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакталат", - дейт Сулайманов. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн