Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пашинян анын отставкасын талап кылган Куралдуу күчтөрдүн жетекчисин кызматтан бошотту

25.02.2021 14:42
631
Пашинян анын отставкасын талап кылган Куралдуу күчтөрдүн жетекчисин кызматтан бошотту

Армения премьер-министри Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган Куралдуу күчтөрдүн жетекчисин кызматтан бошотту. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.


"Биз көптөн бери азыркы бийликтин Куралдуу Күчтөрдүн беделин түшүрүүгө багытталган «чабуулдарга» чыдап келгенбиз, бирок баардык нерсенин өз чеги бар. Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Армениянын куралдуу күчтөрү Армения Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн кызматтан кетишин талап кылып, ошол эле учурда балдары Мекенди жана Артсахты коргоп каза болгон адамдарга каршы күч колдонуудан баш тартууну эскертишет. Армия ар дайым эл менен бирге болгон, ошондой эле эл армия менен болгон», - деп айтылат Башкы штабдын билдирүүсүндө.


Пашинян болуп жаткан окуяны аскердик төңкөрүш аракети деп атап, билдирүү жасоого убада берди жана шашылыш түрдө Еревандын борборуна өз тарапташтарын чогултту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн