Теке 05, 2024
Убакыт: 06:20
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Паспортко мындан ары жарандардын улуту көрсөтүлөт

15.12.2020 12:32
1741
Паспортко мындан ары жарандардын улуту көрсөтүлөт

Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык картасы – ID картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.


Бул чечим Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.


Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилиген чечим Конституциянын  38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган.


Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.


Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Теги

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
,Бапылыев Сардалбек Эргешович.
Паспорт о улуту созсуз корсотулушу керек. Себеби Ким екендигин жаран билип журушу абзел.
Абылкасымов Жээналы
Эн туура. Ошондой болуу керек.
Гулжан
Эн туура, колдойм, улут жазылышы керек! Кыргызмын деп сыймыктанып айтышыбыз керек!!! Баары жакшы болот кудай буйруса????????????
Бактыгул
Туура кылышты колдойм.!Болбосо Кыргыз паспортун кимдерге кана берген жок, Мурунку бийликтегилер.!