Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Пекин шаардагы ыштан кантип кутулган?

15.12.2022 13:27
2385
Пекин шаардагы ыштан кантип кутулган?

Пекин ыш менен түтүндөн кантип арылган?


15-20 жыл башта Пекин дүйнөдө абасы эң булганган шаарлардын бир эле. 2007-жылы кышында Пекинге барганымда асман көрүнчү эмес. 100 метр ыраактагы бийик үйлөрдү көрүү да мүмкүн эмес эле. Азыркы Бишкектен да абасы кир болчу.


2019-жылы декабрда соңку ирет Пекинге барганда асман чайыттай ачык, аба таза, ыш менен түтүн жок. Таң калдым. Кантип десем, 700дөй заводду көчүрүптүр. Көчөдө бир күнү так, бир күнү жуп номердеги машиналар жүрөт экен. Тартип бузулуп, камерага түшсө машинасы капут экен. От жакмай жок. Дегеле Кытайда үйдө, короодо от жакмай токтотулуптур. Бак тиккен адамга чоң өлчөмдө акча төлөнүп берилет экен. Электромобилдер салыктан бошотулган. Кыскасы катуу тартип, ири өлчөмдөгү каражат аркылуу Пекин шаары ыштан, түтүндөн тазаланыптыр.


Кыяс Молдокасымов, тарыхчы 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн