Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 15:13
USD
86.80
87.30
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Петрушкадан жасалган бетти агартуучу маскалар

14.04.2025 14:03
136
Петрушкадан жасалган бетти агартуучу маскалар


Баардык типтеги беттер үчүн

Петрушканын жаңы сыгылган 2 чоң кашык ширесине бир жумуртканын сарысын, 1 чай кашык каймак кошуп аралаштырып, маска жасайсыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт коюп туруп жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бетти агартып, теринин түсүн жакшыртат.


Майлуу беттер үчүн

0,5 тутам петрушканы майдалап, ага 1 чоң кашык кефир, 3-4 тамчы лимон ширесин кошуп аралаштырасыз. Аралашманы 10-15 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бетти агартат жана беттин тешикчелерин кичирейтет.


Кургак беттер үчүн

Петрушканын ширесин сыгып алып, ага теңме-тең өлчөмдө каймак кошосуз. Масканы бетиңизге жаап, 15-20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп саласыз. Бул маска бетти агартат.    


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн