Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 21:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Премьер-министр Роспотребнадзордун делегациясы менен жолугушту (ФОТО)

04.07.2020 17:03
1241
Премьер-министр Роспотребнадзордун делегациясы менен жолугушту (ФОТО)

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.


Россия тарапка көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жана консультациялык жардам үчүн ыраазычылык билдирем. Биз коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө оңдуу натыйжалар байкалып жаткан Россия Федерациясы менен кызматташууга өзгөчө маани беребиз. Илдетке кабылгандардын саны азайып баратат. Биздин медицина кызматкерлерибиз бул ооруну токтотууга бардык күч-аракеттерин жумшап жатышат. Россиялык адистердин топтогон тажрыйбасы биз үчүн өтө пайдалуу болот, - деген Кубатбек Боронов.

 

Өз кезегинде Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский россиялык тарап жалпыга түшкөн кыйынчылыкта жардам көрсөтүүгө дайым даяр экенин айтты.

 

Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, бир катар маселелер боюнча кесиптештерибизге консультация берүү үчүн атайын республикага келдик. Эки күндө 100гө жакын кыргыз адистери инфекцияга мониторинг жүргүзүү, дарылоо процесстерин уюштуруу жана лабораториялык иштер боюнча кеңеш алышты. Кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, бош орундар фондун көбөйтүү жана бейтаптарды кычкылтек менен камсыздоону күчөтүү зарыл. Биз бул маселелер чечилип жатканына ынандык. Ошону менен бирге ооругандандарды куткарып калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткан медициналык персоналдын кесипкөйлүгүн жана өз жанын аябагандыгын белгилеп кетким келет. Зарыл шартта биз колдоо көрсөтүү багыттарын кеңейтүүгө даярбыз, - деген ал.

 

Өкмөт башчы россиялык адистердин жардамы өз учурунда көрсөтүлгөнүн белгилеп, биргелешкен күч-аракеттер менен коронавирус инфекциясын жеңерибизге ишеним билдирген.

 

Белгилей кетсек, Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын адистеринин сапары Кыргызстан жана Россияиянын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын натыйжасы болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн