Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Премьер-министр толук оңдолуп бүткөн 7 оорукананы атады

08.09.2020 15:33
989
Премьер-министр толук оңдолуп бүткөн 7 оорукананы атады


Саламаттык сактоонун бир катар объектисинде курулуш жана ремонттук-калыбына келтирүү иштери жүрдү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 8-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, алардын ичинен 4-сентябрга карата 7 ооруканада иштер бүттү.


- Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана;


- Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук ремонттолду;


- Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана түштү;


- Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу;


- Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медтейлөө борбору – 60 орундуу;


- Каракол шаарында областтык бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу;


- Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу;


"Калган ооруканаларда иштер толук кандуу жүрүп жатат.  Эл арасында Бишкек шаарында курулуп жаткан инфекциялык ооруканага айтылган сындар көп болууда. Айта кетүүчү нерсе, оорукананын учурда 70%ы бүткөрүлдү. Бул оорукана тез курулуучу атайын конструкция менен тургузулган. Ал ар кандай инфекциялык ооруларга, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүүгө пландаштырылып, салынууда. 


Булар менен бирге дары-дармектердин запастары камдалып, фарм компаниялардын аларды алып келүүсү боюнча маалыматтар күнүгө такталып турат. Ошондой эле салынып жаткан ооруканалар медициналык техника жана эмеректер менен толук жабдылат», - деп билдирди Кубатбек Боронов. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн