Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:48
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Премьер-министр жергиликтүү бийликтин үймө-үй кыдыруу ишин сынга алды

13.08.2020 15:18
924
Премьер-министр жергиликтүү бийликтин үймө-үй кыдыруу ишин сынга алды


Саламаттык сактоо министрлигине коронавирустан кийин калкты реабилитациялоого өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


 «Калктын ден соолугу - бул мамлекеттин көңүл чордонундагы маселе жана улуттун коопсуздугу. Биз жана дүйнө коомчулугу туш болгон маселелер өзгөчө мамилени талап кылат. Ооруган жарандар тиешелүү реабилитациядан өтүшү керек. Саламаттык сактоо министрлиги ушул багыттагы иштерди жүргүзүүгө тийиш. Участкалык дарыгерлер стационарлардан дарыланып чыккан бейтаптардын абалын көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүүсү зарыл», - деди премьер-министр Кубатбек Боронов. 


Өкмөт башчы үймө-үй кыдыруу иш-чарасын жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктан жергиликтүү бийлик органдарынын ишине сын айтып, бул багыттагы жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берди. 


Жыйын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга сезондуу мүнөзгө ээ болгон сасык тумоого каршы элди эмдөөдөн өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын сунуш кылуу милдеттендирилди.  


Ал эми тармакты тейлеген вице-премьер-министрлерге тиешелүү медициналык каражаттарды сатып алуу жана жаңы ооруканаларды  жабдуу боюнча иштерди көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле медициналык мекемелердин кадрдык курамын аныктоо тапшырмасы берилди.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн