Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 19-кеңешмесине катышты

30.11.2020 21:42
553
Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 19-кеңешмесине катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Индия Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин видеоконференция форматындагы 19-кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.



Өкмөт башчылары астында сүйлөп жатып, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны ар бир өлкө үчүн коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кыйчалыш мезгилде өтүп жаткандыгын белгиледи.


Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасына COVID-19 каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана учурдун шарты Уюм алкагындагы бардык тармактарда жана багыттарда өз-ара тыгыз аракеттешүүнү жана кызматташууну талап кылып жаткандыгын кошумчалады.


«Бүгүнкү күн тартибиндеги маанилүү маселе катары коронавирус менен гана күрөшүү эсептелбестен, анын кесепеттерин жеңүү жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана биздин өлкөлөрдүн ырааттуу өнүгүү темпи боюнча милдеттерди чечүү болуп саналат», - деп белгиледи Артем Новиков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн