Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 22:17
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Президент 1-2-ноябрда Улуу Британияда климаттык саммитке катышып, кайрылуу жасайт

30.10.2021 14:20
847
Президент 1-2-ноябрда Улуу Британияда климаттык саммитке катышып, кайрылуу жасайт

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына (Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландия) иш сапары менен барып, анын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мындан сырткары, Саммит аянтчасында мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.


Маалымкат: БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26- сессиясы 2021-жылдын 31-октябрынан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн