Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент 2010-жылдагы Оштогу каргашалуу окуянын келип чыгуу себебин айтты

21.10.2021 15:04
821
Президент 2010-жылдагы Оштогу каргашалуу окуянын келип чыгуу себебин айтты

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.


Республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.


“Өзүңүздөргө белгилүү, бүгүнкү күндө өлкөдө 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Бул этникалык көп түрдүүлүк биздин байлыгыбыз. Биз аны сактап, ынтымакта бирдиктүү улут катары өнүгүүгө жагымдуу шарттарды түзүшүбүз абзел. Бирок этникалык чөйрөнү тар саясий кызыкчылыкта пайдаланган учурларга жол берилип, 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуяларынын болушуна алып келгендигин жакшы билебиз”, - дейт өлкө башчысы.


Жапаров азыр дагы этникалык негизде жарандарды саясатка тартууну кадимки адатка айландырган саясатчылар жок эместигине токтолду.


“Мындай жагдай этникалык чөйрөнү саясатташтырып, жиктешүүнү күчөтүп, элдин биримдигине өз кедергисин тийгизип келет. Ошондуктан Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мындай көрүнүштөрдүн алдын алып, тиешелүү ыкчам чараларды көрүүгө чакырам”, - деп маалымдады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн