Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент 2022-жылы аскердик кызмат өтөөгө чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду

17.02.2022 17:42
694
Президент 2022-жылы аскердик кызмат өтөөгө чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик органдардын катарынан запаска бошотуу, ошондой эле 2022-жылдын март-май айларында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2022-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. 

 

«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык, токтом кылынат: 

 

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун; 

 

Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2022-жылдын март–майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн