Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыктарга ылайык:
— Укушов Мурат Каниметович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
— Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын президентининадминистрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
— Кожоналиев Кубатбек Азатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
— Исанов Алмаз Насирдинович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн