Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент Аксыда селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

13.07.2021 11:28
959
Президент Аксыда селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Жалал-Абад шаарынын Аксы районунда кечээ түшкөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле табигый кырсыктан улам жабыркаган элге тийиштүү жардам көрсөтүү милдети коюлду.


Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен улам каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.


Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын баса белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди.


Кырсыктан жабыр тарткандардын бардыгына мамлекет тарабынан колдон келген колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.


Белгилей кетсек, Аксы районунда 12-июлда сел жүрүп, бир нече адам каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн