Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Бакуда Гейдар Алиевди эскерди (фото)

20.04.2022 08:52
537
Президент Бакуда Гейдар Алиевди эскерди (фото)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-апрелде Азербайжанга расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин элесин анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюу менен анын жаркын элесине таазим кылды.


Андан соң, Кыргызстандын делегациясы Ардактуу кароол тизилген “Шейиттер аллеясына” барышты. Президент Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн