Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Бакуга жөнөп кетти. Делегациясынын курамында кимдер бар?

19.04.2022 16:13
747
Президент Бакуга жөнөп кетти. Делегациясынын курамында кимдер бар?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Азербайжан Республикасынын Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.Саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалууда.


Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:


– президенттин жубайы Айгүл Жапарова;


– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;


– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;


– Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;


– айыл-чарба министри Аскарбек Джаныбеков;


– санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;


– транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;


– экономика министри Данияр Амангельдиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн