Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Президент Балыкчы-Барскоон автожолун куруу маселесин иликтөөнү тапшырды

15.06.2021 18:17
660
Президент Балыкчы-Барскоон автожолун куруу маселесин иликтөөнү тапшырды


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын эмгек жамааты менен баарлашууда өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы менен биргеликте Балыкчы-Барскоон автожолун куруу маселесин иликтеп баштоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кыхзматынан кабарлашты.


Мамлекет башчысы унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалууда.


Садыр Жапаров учурдагы автожол эгемендүүлүк жылдарынан бери оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле жолдун кууш экенин баса белгиледи.


Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн