Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Баткенде 1 тонна сүмөлөк даярдалып жаткан жерге пландан тыш барды (фото)

20.03.2022 22:58
488
Президент Баткенде 1 тонна сүмөлөк даярдалып жаткан жерге пландан тыш барды (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Нооруз майрамына карата бир тонна салттуу сүмөлөк даярдалып жаткан Баткен шаарынын борбордук стадионуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчысы салтка ылайык, каалоо-тилектерин айтуу менен сүмөлөк даярдалып жаткан казанды аралаштырды.


Ошондой эле, Садыр Жапаров төкмө акындардын ырын угуп, Баткен облусунун тургундарынын алдында сөз сүйлөдү.


Ал чогулгандарды жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамы менен куттуктап, Баткен облусунун элине ийгилик, бакубатчылык, токчулук жана тынчтык каалады.


“Кыргызстан Баткенден башталат” деген мамлекет башчысы Исфана шаарынын атын Раззаков шаары деп өзгөртүү жана өзү кошо катышып жаткан Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу иш-чаралар Баткен облусунун гүлдөп-өнүгүүсүнө дем берүү максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.


Президент төкмө акындардын өнөрүнө көңүл бөлүп, кыргыздар эзелтен кол өнөрчүлөрдү, манасчыларды жана акындарды баалап, урматтап келгенин белгиледи. “Биз аларга шарттарды түзүп жатабыз, муну мындан ары дагы улантабыз”, - деди ал.


Мамлекет башчысы Баткен облусу өзгөчө макам алганын жана анын тургундары белгилүү бир жеңилдиктерге ээ болгонун эске салды. “Мамлекеттин бардык аракети, мүмкүнчүлүктөрү Баткенди өнүктүрүүгө багытталган”, - деген Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарды дагы бир жолу Нооруз майрамы менен куттуктады.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн