Кулжа 26, 2024
Убакыт: 05:09
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Президент Баткенде чек арада каза болгондорду эскерди

05.05.2021 10:30
957
Президент Баткенде чек арада каза болгондорду эскерди

Бүгүн, 5-майда, Мамлекет башчысынын өлкө элине кайрылуу жасоо иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана бул иш-чаранын катышуучулары Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар учурунда курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскеришти.


Мамлекет башчысы кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.


Ал тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөндүгүн баса белгилеп, бул окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтты.


«Мен талкаланган айылдарды тез арада калыбына келтирүүнү баштоо боюнча тапшырма бердим. Жапа чеккен жарандарга мамлекет тарабынан толук колдоо көрсөтүлөт. Эң кыска мөөнөттө жабыркаган калктуу конуштардагы жарандарыбыздын жашоосун калыбына келтирүү жана нормалдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн