Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 05:01:59
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Президент Баткендеги С.Айтматов орто мектебине жаңы имарат курууну табыштайт

11.03.2020 09:23
1535
Президент Баткендеги С.Айтматов орто мектебине жаңы имарат курууну табыштайт


Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1978-жылы колдонууга берилген Баткен шаарындагы С.Айтматов атындагы орто мектептин абалы тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго маалымат берди.


Президенттин Баткендеги иш сапарында, балдар жаңы мектеп имаратына муктаж болуп жатканын айтышты.


«Биз дүйнөлүк аренада бир гана билимдүү жаштар менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Андыктан, билим берүүнүн сапатын жогорулатып, жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Ошондой эле президент КР Өкмөтүнө мектепке жаңы имарат куруу боюнча сунуштама берилерин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн