Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Баткендин Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратын ачты

11.12.2023 21:04
486
Президент Баткендин Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратын ачты


Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратынын ачылышына катышты.

Социалдык маселелерди чечүү үчүн президенттин тапшырмасы менен жаңы оорукана куруу милдети коюлган. Ал үчүн Президенттин Фондунан 97,5 млн сом каралган.

Аталган медициналык мекеме 75 орунга ылайыкташтырылган. Учурда оорукананын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, эмеректер менен жабдылган.

Мамлекет башчысы аталган медициналык мекеменин ишке берилишин канааттануу менен белгилеп, жергиликтүү калк эми сапаттуу медициналык кызмат алуу үчүн ооруканага кайрыла аларын баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы мезгилде Баткен облусундагы медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканын айта кетти. Мамлекет саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бардык зарыл нерселерди жасап келүүдө.

Андан соң жаңы оорукананын имаратын кыдырган маалда мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алар менен ар кандай көйгөйлүү маселелер тууралуу сүйлөшүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров оорукананын аймагына бак отургузду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн