Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Байсалов менен Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу кандай пикирде?

25.04.2022 15:32
1280
Президент Байсалов менен Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу кандай пикирде?

Президент Садыр Жапаров «Кабар»  агенттигине берген маегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракети боюнча пикирин билдирди.


«Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо, сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деди президент .


Ошондой эле ал Эдил Байсаловдун пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу демилгесине токтолуп, азырынча ал боюнча мыйзам долбоору даярдала электигин, тынчсызданууга шек жок экенин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн