Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент Бишкектеги № 87 орто мектебине барды

01.09.2020 12:15
879
Президент Бишкектеги № 87 орто мектебине барды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Билим күнүндө Бишкек шаарындагы конуштардын биринде жайгашкан № 87 орто мектебине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы бул жалпы билим берүү мекемесинин мисалында билим берүү системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Мектептин директору Жаңыл Исанова окуучулардын окуу процессине санарип технологияларын киргизүү жөнүндө айтып берди.

Ал берген маалымат боюнча, мектепте окуучулардын келип-кетүүсүн каттап турган электрондук системасы (турникет), мектеп окуучуларынын жетишкендиктери жөнүндө электрондук күндөлүк киргизилген. Ошондой эле, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен онлайн сабактарды өткөрүү үчүн толук кандуу шарттар түзүлгөн, класстар интерактивдүү такталар менен жабдылган.

Биринчи класстын окуучулары менен баарлашууда мамлекет башчысы аларды Билим күнү менен куттуктап, мектепте окуунун башталышы алардын жашоосундагы жаңы барак экендигин белгиледи. «Бул силер үчүн маанилүү жана майрамдык күн. Силер узун, татаал, бирок кызыктуу жана керектүү болгон билим жолуна сапарыңарды баштадыңар. Силерге ийгилик жана чыдамдуулукту каалайм», — деп каалоосун айтты Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары, президент 2-7-класстын окуучуларынын онлайн билим алуу процесси менен таанышып, алар менен баарлашты жана окууларына ийгилик каалады. Ал учурда пандемияга байланыштуу республиканын бардык мектептеринде билим берүү онлайн тартипте жүргүзүлүп жатканын, бирок кырдаал толугу менен турукташканда, балдар адаттагыдай эле мектепке бара башташарын кошумчалады.

Президент ошондой эле мектептин мугалимдер жамааты менен баарлашып, аларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Мугалимдер аларды түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди айтып беришти. Бул турак-жай менен камсыздоо жана мектеп окуучулары үчүн орундардын жетишсиздиги.

Мамлекет башчысы бюджеттик тармактардын кызматкерлерине, алардын ичинде мугалимдерге ипотекалык насыялоо каражаттарын бөлүүнү көбөйтүү пландары тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге, ал мугалимдердин айлык маянасы алардын бардыгына ипотека менен турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк бербегенин, ошондуктан айлык акыны көтөрүү дагы деле курч маселе боюнча турганын айтты. Мамлекет башчысы өткөн жылы мугалимдердин эмгек акысы 30%га көтөрүлгөнүнө карабастан,  ал дагы деле жетишсиз экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жакында 1-4-класстын окуучулары үчүн мектептин кошумча имаратынын курулушу башталарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн