Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:24
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент Будапешттеги жеңил атлетика боюнча ДЧнын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты

21.08.2023 10:08
247
Президент Будапешттеги жеңил атлетика боюнча ДЧнын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты


Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына ардактуу конок катары катышты.

Венгриянын баш калаасына делегация башчыларынын катарында Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Түркмөнстандын Сердар Бердымухамедов, Түркиянын Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын Шавкат Мирзиеев, Сербиянын Александр Вучич, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ж. б. келди.

Бул дүйнө чемпионаты 200дөн ашуун чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын спортчулары Олимпиадалык оюндардан кийин спорттук рейтингде алдыңкы орунду ээлейт.

Бул мелдештер эки жылда бир өткөрүлөт. Программага жеңил атлетиканын 44төн ашык түрү киргизилген. Бул мелдештерге дүйнөдөгү бардык күчтүү жеңил атлетчилер катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн