Чет элдик абийирсиз ишкерлердин экологияга тийгизген зыянын эл аралык деңгээлге алып чыгам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, экологиялык проблемаларды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгат.
"Ноябрь айында Глазго шаарында өтө турган климаттык көйгөй боюнча эл аралык жыйын өткөрөт. Мен өлкөбүздүн экологиясына эбегейсиз терс таасирин тийгизген чет элдик абийирсиз ишкерлер тууралуу маалыматты айтып чыгууну пландап жатам",- деди Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн