Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президент Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялады

18.07.2023 11:19
214
Президент Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялады


Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (14 июля 2023 года № 136).

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Жогоруда аталган мыйзам 2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Макулдашуу экспорттук кредиттерди (экспортту колдоонун бардык финансылык инструменттерин кошкондо) кайра камсыздандыруу, экспортко багытталган каржылоо жана мүчө мамлекеттердеги жана үчүнчү өлкөлөрдөгү ишкердик жана (же) саясий тобокелдиктерден инвестицияларды ишке ашыруу жолу менен үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Алсак, Макулдашууда Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жана анын уставын бекитүү каралган, анда компаниянын эл аралык уюм катары милдеттери, функциялары, укуктук статусу жана финансылык жактан камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү аныкталган.

Жогоруда аталган компания өз ара сооданын, инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө, тараптардын (Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы) ортосундагы экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана экспорттук кредиттерди (анын ичинде экспортту колдоонун бардык финансылык инструменттерди кошо алганда), экспортко арналган каржылоону жана инвестицияларды тараптарда жана үчүнчү өлкөлөрдө ишкердик жана саясий тобокелдиктерден коргоо чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруу аркылуу тараптардын үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн