Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент Германиядан Кыргызстанды финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү суранды

22.06.2023 13:48
364
Президент Германиядан Кыргызстанды финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү суранды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каржылык жана техникалык кызматташуу маселесине токтолуп, германия тарапка Кыргызстанды финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча Германиянын өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды.

"Германия тарапка 14,9 млн евро өлчөмүндөгү карызды конверсия кылганы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Учурда бул каражаттар өлкөнүн аймактарында жашаган тургундарга, негизинен калктын аялуу катмарына ипотекалык насыя берүүгө багытталууда. Кыргызстандын тышкы карызын Германия биринчилерден болуп конверсия кылууга даярдыгын көрсөтүп, башка өлкөлөргө жакшы үлгү болду. Биз сиздин жакшы ишаратыңызды жогору баалайбыз. Ушуга байланыштуу Германия тарапка экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам", - деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн