Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:55
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президент Индия, ЕБ жана Япониянын жаңы дайындалган элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

29.11.2022 17:32
427
Президент Индия, ЕБ жана Япониянын жаңы дайындалган элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, Индия Республикасынын, Европа Биримдигинин жана Япониянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Ишеним грамоталарын Индия Республикасынын элчиси Арун Кумар Чаттержи, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон жана Япониянын элчиси Хидеки Года тапшырышты.


Салтанаттын башында чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын ардактуу кароол ротасы тосуп алды.


Президент Садыр Жапаров элчилердин ар бири менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелердин ар кыл маселелерин талкуулады.


Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, туризм, «жашыл» экономиканы киргизүү, энергетика, ошондой эле эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.


Мамлекет башчысы Индиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттержи менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы мамилелер ар дайым ишенимге жана достукка негизделгенин баса белгиледи.


Ал эки тараптуу мамилелердин негизги багыты болуп саналган соода-экономикалык кызматташтыктын өсүшүн белгиледи.


Садыр Жапаров Кыргызстан Индиядан энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, медицина жана туризм сыяктуу тармактарга түз инвестиция тартууга басым жасап жатканын баса белгиледи.


Мамлекет башчысы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон менен эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүккө 30 жыл толгонун эске салып, мамилелерди ишенимдин жана өз ара пайдалуу шериктештиктин духунда мындан ары да кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр экенин ырастады.


Садыр Жапаров Япониянын элчиси Хидеки Года менен жолугушууда Кыргызстан Японияны жакын жана негизги өнөктөшү катары карай турганын, элдердин ортосунда тыгыз достук байланыштар түзүлгөнүн белгиледи.


Президент Садыр Жапаров соода-экономикалык чөйрөдө пайдаланбай келген, бирок кеңейтүүгө зарыл болгон потенциалды белгиледи.


Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.


Өз кезегинде элчилер жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, саясий, соода-экономикалык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экендигин белгилешти.


Жолугушуулардын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров элчилерге жогорку жана жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн