Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президент Изник шаарындагы "Кыргызлар турбесин" зыярат кылды

29.09.2022 22:05
866
Президент Изник шаарындагы "Кыргызлар турбесин" зыярат кылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуунун алкагында Изник шаарындагы (Түркия Республикасы) «Кыргыздар турбеси» мемориалына барды.


Мамлекет башчысы мемориалды карап чыгып, ошол эле жерде куран окулду.


"Кыргызлар турбеси» — бул Изник шаарын алуу үчүн салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине арналган мемориал. Ислам энциклопедиясына ылайык, бул алгачкы Осмон дооруна (XIV кылым) таандык күмбөз.


Күмбөз султан Орхан гази тарабынан в 1332-жылы Анадолу Селжугунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыз жоокерлеринин элесине арналып салынган.


2004-жылы октябрда кыргыз скульптору Түгөлбай Садыков жасаган жоокердин эстелиги бакчага орнотулган.


Мемориал кичинекей өтмөк менен байланышкан эки бөлмөдөн турат. Мавзолей типтүү византиялык стилдеги жасалгасы менен көңүлдү бурат. Күмбөздө сегиз саркофаг бар: жети чоң киши жана бир баланыкы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн