Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент: Кадр тандоодо жаңы конкурстук система ишке кирет, негизги максат - тааныш-билиштикти жоюу

01.08.2020 16:02
1384
Президент: Кадр тандоодо жаңы конкурстук система ишке кирет, негизги максат - тааныш-билиштикти жоюу


Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасын да санариптештирдик, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта “Биринчи радиого” берген маегинде.

Анын айтымында, жыл башында өкмөткө, Мамлекеттик кадр кызматына бир канча багыттар боюнча милдеттер коюлуп, бул иштин өтөөсүнө чыгуу боюнча тапшырма берилген.

“Мына ошол иштин өтөөсүнө буйруса чыктык. 1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер гана сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. «Кадрлар баарын чечет» деп, бизге чейин эле айтып кетишкен. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып калганы жашыруун эмес. Аны көпчүлүк билет. Ошондуктан бул негизги маселе”, - деди президент.

Ошондой эле ал кадр тандоодо мамлекеттик кадр кызматы бошогон мамлекеттик, муниципалдык орундарга жарандар үчүн ачык-айкындыкты, калыстыкты түзүп берүү экенин белгиледи.

Кадр тандоо маселесине биздин жарандардын ишеничин толук алып келүү. Ошону менен биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы орундарга даяр кесипкөй, тажрыйбалуу, билимдүү балдарды тартуу. Буюрса, бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өз максатына жетти” – деп кошумчалады Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн