Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президент Кара-Суу районундагы курулуп жаткан "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды

31.07.2023 11:29
547
Президент Кара-Суу районундагы курулуп жаткан "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды


Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы курулуп жаткан "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды.

Мамлекет башчысына объекттин аянты 5 гектарды түзөрүн маалымдашты. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштемекчи: трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70%га аяктап калды.

Үстүбүздөгү жылдын IV кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 миллион АКШ долларына бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

Трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго жатырылган каражат 18 миллион АКШ долларын түзөт.

Өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, инвесторлорго, анын ичинен ички инвесторлорго, жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи. Регионалдык өндүрүштөргө өзгөчө көңүл бурулат.

Жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн