Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Касым Тыныстановдун Ысык-Көлдөгү эстелигине гүл койду

09.09.2021 12:25
2343
Президент Касым Тыныстановдун Ысык-Көлдөгү эстелигине гүл койду



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.


Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты.


Айылдын аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун билдирип, Өлкө башчысына мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн