Кулжа 12, 2025
Убакыт: 23:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Президент Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду

11.06.2025 15:02
49
Президент Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду


Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.


Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу:


“Урматтуу мекендештер!


Мен, Кыргыз Республикасынын бакубаттуу жана гүлдөп өнүккөн мамлекетке айлануусуна жол көрсөткөн, өлкөнүн негизги баш багыты деп эсептелген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө Жарлыкка кол койдум.


Бул стратегиялык документ өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган.


Программада белгиленген бардык милдеттер бир гана максатка – жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууну көңүл борборуна чыгарган Кыргыз Республикасынын жарандарынын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген.


2030-жылга чейин жаңы өнүгүү багыты Кыргыз Республикасынын атаандаштык айырмачылыктарына, дүйнөлүк тренддерге жана улуттук артыкчылыктарга терең талдоо жүргүзүүлөргө негизделген.


Программа системалуу жана бир бүтүн ыкмага негизделип, мамлекеттин өнүгүшүнүн бардык негизги багыттарын камтыйт.


Социалдык саясатка, жашоо деңгээлин жогорулатууга, билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоого жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Кыргыз Республикасынын эл аралык рынокторго интеграцияланышына, ишкердикти колдоонун туруктуу механизмдерин түзүүгө, санариптик трансформацияга, финансы секторун бекемдөөгө жана аймактарды тең өнүктүрүүгө чоң маани берилген.


Ушул багыттар инфраструктураны модернизациялоо жана бардык жарандарга бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максаты менен тыгыз байланышкан.


Программада ошондой эле руханий-адеп-ахлактык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу жана укуктук системанын реформасы, активдүү тышкы саясат, улуттук коопсуздук жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту камсыз кылуу боюнча артыкчылыктар камтылган.


Кыргыз Республикасы өзүнүн чоң секиригинин пайдубалын түптөп жаткан учурда реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жана стратегиялык пландарды чагылдырган төрт артыкчылыктуу өнүгүү вектору аныкталган. Алар ички ресурстарды жана тышкы факторлорду терең талдоонун негизинде түзүлгөн.

Ар бир вектор экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө, өлкөнүн региондогу ордун күчөтүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн бекем негиз түзүүгө багытталган. Алар чогулуп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздай турган логикалык жана тең салмактуу траекторияны түзөт.


Биринчи вектор – “Индустриялаштыруу”. анын максаты кластердик ыкманы пайдалануу жана келечекте кошумча наркы жогору продукцияны экспорттоого басым жасоо менен заманбап, диверсификацияланган өнөр жай базасын түзүү болуп саналат. Кыргыз Республикасында региондук өнөр жай чынжырчасында татыктуу орунду ээлөө үчүн ресурстар жана эмгектик потенциал бар.


Экинчи вектор – “Региондук хаб”. Кыргыз Республикасынын Кытай, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы геостратегиялык абалы негизги транзиттик аянтча жана логистикалык түйүн болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк соодадагы тез трансформациялар, электрондук коммерциянын ролунун күчөшү жана жеткирүү маршруттарын диверсификациялоо өлкөнүн мындай позицияны ээлөө актуалдуулугун күчөтөт.


Үчүнчү вектор – “Айыл чарба жана туризм”. Кыргыз Республикасы жогорку кайра иштетүү деңгээли жана кошумча наркы менен органикалык, экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Жаратылыш ландшафты жана маданий мурас менен айкалышта бул туруктуу туризмдин жана айыл чарбасынын жогорку кирешелүү моделин түзүүгө жол ачат.


Төртүнчү вектор – “Жашыл энергетика”. Бай гидроэнергетикалык потенциал жана кайра жаралуучу ресурстардын болушу Кыргыз Республикасына өзүнүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга, ал эми келечекте жашыл энергияны экспорттоочу жана жашыл инвестициялар үчүн платформа ролуна талапкер болууга мүмкүндүк берет. Бул климаттык чакырыктарга да, экономиканы декарбонизациялоо боюнча дүйнөлүк трендге да жооп берет.


Программанын алкагында 2030-жылга карата амбициялуу максаттуу багыттар аныкталды:


  • ИДПнын көлөмүн кеминде 30 миллиард АКШ долларына чейин өсүшү;
  • Калктын жан башына ИДПны 4 500 АКШ долларына чейин жогорулатуу;
  • ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8 % дан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу;
  • өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдынкы 30 өлкөнүн катарына кирүүсү;
  • өлкөнүн адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчүн кеминде 10 позицияга жакшыртуу жана башкалар.


Бул максаттарга жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:


  • мамлекеттик башкаруунун сапатын олуттуу жогорулатуу;
  • эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу;
  • бардык тармактарга алдыңкы технологияларды киргизүү;
  • ички жана тышкы инвестицияларды активдүү тартуу.


Кымбаттуу кыргызстандыктар!


2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында жетишилген олуттуу өнүгүүдөн кийин, биз жаңы деңгээлге өтүп жатабыз. 2030-жылга чейин өнүгүү программасы менен биз ылдамдыкты арттырып, дымактарды кеңейтип, мамлекеттик ресурсту реалдуу, эл сезе турган натыйжаларга багыттайбыз.


Мамлекеттик иштин жемиштери кагаз жүзүндө эмес, элдин күнүмдүк жашоосундагы өзгөрүүлөр аркылуу көрүнүшү керек:


  • ээн эркин жүрүүнү камсыздаган коопсуз жана ыңгайлуу жолдор;
  • сапаттуу билим берүүчү заманбап мектептер;
  • жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөткөн ооруканалар;
  • туруктуу жумуш орундар, татыктуу эмгек акы, пенсиялар жана жөлөк пулдар;
  • ички рынокту өнүктүргөн жана экспортко чыккан ишканалар;
  • келечекке ишеним берген туруктуу инфраструктуралык база;
  • аймактарды байланыштырган жана дүйнөгө жол ачкан аба каттамдары;
  • таза айлана-чөйрө жана жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле;
  • ашыкча бюрократиядан арылган мамлекеттик кызматтар.


Жогоруда белгиленген шарттар базалык көрсөткүчтөр гана болуп эсептелет жана аларсыз татыктуу жашоо мүмкүн эмес.


2030-жылга чейин өнүгүү программасы негизги багыттар менен чектелбестен, алга карай ишенимдүү кадам таштоодо. Программа илгерилетилген багыттарды камтып, буга чейин кыял катары гана көрүнгөн, ал эми бүгүнкү күнү ишке ашып жаткан ири стратегиялык долбоорлорго таянат.


Мурдагыдан да күчтүү жана ири милдеттер коюлуп жатат. Биз алдыга ишеним, чечкиндүүлүк жана так максат менен баратабыз – ар бир жараны өзгөрүүнү сезген күчтүү, беделдүү жана гүлдөгөн өлкөнү курабыз.


Урматтуу мамлекеттик аппараттын өкүлдөрү!

Программаны ишке ашыруу бүт мамлекеттик системанын жалпы милдети. Анын ийгиликтүү жүзөгө ашуусу толук ишке берилгендикти, алдыңкы өзгөрүүлөргө даярдыкты жана бардык мамлекеттик институттардын, ишкерлер коомчулугунун, коомдук уюмдардын жана жарандардын макулдашылган аракетин талап кылат.


Ишенем, ар бириңиздер коюлган милдеттерди аткарууда кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти жана демилгелүүлүктү көрсөтөсүздөр. Мекен үчүн кызмат кылган адамдардын тартиби, ак ниеттүүлүгү, чынчылдыгы Программанын максаттарына жетүүнү жана ниеттерди жүзөгө ашырууну камсыз кылат.


Биз чечкиндүү түрдө эски ыкмалардан, ашыкча бюрократиядан жана формалдуу мамиледен баш тарттык.


Мамлекет убакытты текке кетирбеген, белгисиздикке жол бербеген жаңы доорго кадам таштады. Жеңил-желпи жана кайдыгер мамиле жасоого эч кимдин акысы жок. Биз чечкиндүү жана өнүккөн багытты тандадык.


Ушул Программа өзгөрүүгө болгон умтулуубуздун жана Кыргыз Республикасынын жаркын келечегине карата ишенимибиздин өзөгү болуп турат. Ал үчүн бизде бардык керектүү эрк, ресурс жана потенциал бар.


Кымбаттуу мекендештер!


Программанын ийгилиги биздин биримдигибизге, кеменгерлигибизге жана ар бирибиздин салым кошууга даярдыгыбызга көз каранды. Алдыбызда өлкөнүн келечегин аныктап берген жаңы этап ачылды.


Программа турмушка сапаттуу ишке ашат, Кыргыз Республикасы өзүнүн баалуулуктарын, көз карандысыздыгын, эгемендигин жана жогорку темптеги өнүгүүсүн сактаган кадыр-барктуу өлкө катары дүйнөлүк татыктуу орунга чыгат деп чын дилимден ишенем!».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн