Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент: Коомчулукта айрым соттордун ишине нааразычылыктар бар

03.09.2020 17:04
1275
Президент: Коомчулукта айрым соттордун ишине нааразычылыктар бар

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында  Жайыл райондук сотунун мисалында сот тармагын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Жайыл райондук сотунун сот жыйындары өтүүчү  залдарда аудио жана видео жаздыруу системасы киргизилгенин маалымдады. Автоматташтырылган маалыматтык система келип түшкөн иштерди автоматтык түрдө каттайт жана соттордун иш-жүктөмүн тең бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, адам факторун жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу тобокелчилигин жоет.

Анын менен бирге маалыматты издөө ыңгайлуулугу үчүн соттук иштердин электрондук архиви ишке киргизилген, ошондой эле бардык соттук актылар сайтка (act.sot.kg)  жайгаштырылууда.

Учурда бардык соттордо бир гана кылмыш- жаза өндүрүшү электрондук форматка өткөрүлгөн, бирок келечекте жарандык жана административдик өндүрүштөрүн дагы электрондук түргө өткөрүү пландалып жатканы белгиленди. Бул үчүн жарандык жана административдик-процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Гүлбара Калиеванын маалыматы боюнча, бул чаралар сот процесстеринин ачыктыгына, соттук этиканын сакталышына жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков  Жайыл райондук сотунун судьялары жана кызматкерлери менен баарлашууда соттук чечимдердин кынтыксыздыгын, жалпы эле сот системасынын ачыктыгын жана отчеттулугун камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы коомчулукта айрым соттордун ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар бар экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, бул нааразычылыктарды соттордун өздөрүнүн тазалыгы менен компетенттүүлүгү, ошондой эле сот системасынын ишмердигине алдыңкы санарип технологияларын киргизүү менен оңдоого болот.

Жайыл райондук сотунун ишмердигин санариптештирүүнү канааттануу менен белгилеп, сот өндүрүшүнүн калыстыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн иш жүзүндө алдыңкы технологияларды туура жана натыйжалуу колдонуунун зарылдыгына көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформанын алкагында бул маселелерге өзгөчө көңүл бурулганын эске салды. Ал өлкөнүн бардык сотторунда бул багыттагы чараларды ишке ашырууну тездетүүгө чакырды.

«Сиздердин ишиңиздерден көп нерсе, анын ичинде мамлекеттик бийликке болгон элдин ишеними дагы көз каранды. Сиздердин чечимиңиздер адам тагдырына түздөн-түз таасирин тийгизет. Өз ишиңиздерде адилеттүү жана бейтарап  болушуңуздар керек. Буга санариптештирүү чоң жардам берет», — деп жыйынтыктады президент. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн