Кумтөр боюнча бүгүн тынчтык келишими менен ажырашып жатабыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындан ары Кыргызстандын кен байлыктарын мамлекет өзү иштетет.
"Бүгүн кечинде "Центерранын" өкүлдөрү менен Кумтөр боюнча тынчтык келишимине кол коёбуз. Биз Кумтөр боюнча эч кандай сот жок эле тынчтык жолу менен иштөөнү туура көрдүк. Кечинде түз эфирде тынчтык келишимине кол коюлат.
Мындан ары өлкөбүздөгү бардык кең байлыктарды мамлекет иштет",- деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн