Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Курманкул Зулушев менен Алымкадыр Бейшеналиевди убактылуу кызматтан бошотту

04.06.2022 10:59
903
Президент Курманкул Зулушев менен Алымкадыр Бейшеналиевди убактылуу кызматтан бошотту

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.


Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин.


Ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савердинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин, Зулушев Курманкул Токторалыевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн