Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 04:13
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Президент: Курултай толугу менен санариптештирилди

16.12.2023 15:53
369
Президент: Курултай толугу менен санариптештирилди


Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайдын катышуучуларына санарип системасы жана анын пайдасы тууралуу маалымат берди. 

Мамлекет башчысы бүгүнкү курултай толугу менен санариптештирилгендигин белгилеп, залда отургандарга санариптик технологиялар менен өлкө реалдуу режимде кантип башкарылып жаткандыгын көрсөтүп берди. 

"Мына азыр реалдуу режимде Кумтөр кенинде эмне болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Жалпысынан ал жерге 300 камера орнотулган. Ар бир грамм алтын көзөмөлдө турат. Бул видео жазуулардын баары архивде сакталат", - деди президент. 

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн