Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Мексиканын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

16.09.2021 12:30
551
Президент Мексиканын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Мексика Кошмо Штаттарынын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадорду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Мексика элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктоого уруксат этиңиз. Кыргыз Республикасы менен Мексика Кошмо Штаттарынын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде андан ары дагы бекемделет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо текстинде.


Садыр Жапаров Андрес Мануэль Лопес Обрадорго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Мексика элине тынчтык, бакубат жашоо жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн