Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 23:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент Нарендра Моди менен кызматташтыкты талкуулады

02.11.2021 09:27
866
Президент Нарендра Моди менен кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу байланыштардын кеңири багыттары боюнча, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.


Президент Садыр Жапаров жана премьер-министр Нарендра Моди Кыргызстан менен Индия ар тараптуу кызматташтыктагы көп жылдык мамилелери бар дос өлкөлөр экенин белгилешип, аларды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.


Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Нарендра Моди Садыр Жапаровду 2022-жылы ыңгайлуу убакта Индияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн