Бүгүн, 2-октябрда президент Садыр Жапаров Нарын облусунда Ормон хандын 230 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, салтанаттуу түрдө мамлекеттик тууну көтөрүү аземи, Семиз-Бел айылында Ормон хандын эстелигин ачуу жана башка маданий иш-чаралар болот.
Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн