Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президент Нургүл Бакирова менен Карыбек Дүйшеевди кызматынан бошотту

02.02.2022 15:54
686
Президент Нургүл Бакирова менен Карыбек Дүйшеевди кызматынан бошотту

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Бакирова Нургүл Жакыповна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду.


Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча үуйшеев Карыбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн