Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

06.07.2021 18:33
989
Президент Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы туңгуч президентти туулган күнү жана Казакстандын борбор шаарынын күнү менен жылуу куттуктап, Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак коңшулук мамилелерди орнотууга жана бекемдөөгө кошкон жеке салымын өзгөчө белгиледи.


Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге чың ден соолук жана узун өмүр, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн