Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент Ош педагогикалык университетинин жаңы имаратынын курулушун тездетүүнү тапшырды

31.07.2023 11:44
212
Президент Ош педагогикалык университетинин жаңы имаратынын курулушун тездетүүнү тапшырды


Президент Садыр Жапаров Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.


Беш кабаттуу жаңы окуу имаратынын курулушу 2021-жылдын ноябрында башталган, жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Анда 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класстар камтылган. Жаңы имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандус жана лифт орнотуу каралган.


Бул университетте Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.


Мамлекет башчы мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, курулушту 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн