Бугу 04, 2024
Убакыт: 23:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президент “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалына барды

29.09.2022 20:17
608
Президент “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуунун алкагында Бурса шаарындагы (Түркия Республикасы) “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана биринчи айым Айгүл Жапаровага күмбөздүн ардактуу кароолунун курамын алмаштыруу аземи көрсөтүлүп, андан соң алар “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалы менен таанышты.

Осман гази Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү, 1258-1326-жылдары жашаган. 1326-жылы Бурсаны каратып алгандан кийин Орхан гази атасы Осман газинин керээзин аткарып, күмбөзгө койгон. Күмбөздүн ичинде бермет менен кооздолгон жыгач саркофаг бар. Күмбөздө Осман газинин жакындарына таандык он жети мүрзө бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн