Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Президент ШКУнун саммитине катышуу үчүн Самарканд шаарына жөнөп кетти (делегациянын курамы)

14.09.2022 18:13
799
Президент ШКУнун саммитине катышуу үчүн Самарканд шаарына жөнөп кетти (делегациянын курамы)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:


– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;

– транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.


Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн