Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Президент С.Жээнбеков Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барды (сүрөт)

23.07.2020 15:34
1246
Президент С.Жээнбеков Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барды (сүрөт)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Жолугушууда ал: «Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз», деди. 


Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, күндүзгү стационар 100 орундукка ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.


Медициналык кызматкерлер менен баарлашууда президент Сооронбай Жээнбеков аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн белгиледи. Стационарларды дары-дармектер жана  медициналык каражаттар менен өз убагында жана толук камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.


Президент коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланган медицина кызматкерлерине дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.


Мамлекет башчысы бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди.


Президент Сооронбай Жээнбеков биргелешкен аракеттер менен вирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык аймактарда натыйжалуу чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн