Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 07:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

02.11.2023 17:34
399
Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди


Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын борту "Нурсултан Назарбаев" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезектеги онунчу Саммитинин ишине катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн