Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысы талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн