Кулжа 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
86.70
87.60
EUR
92.90
93.90
RUB
0.950
1.045

Президент Садыр Жапаров курулуштар боюнча иликтөөгө комментарий берди

01.06.2024 16:55
148
Президент Садыр Жапаров курулуштар боюнча иликтөөгө комментарий берди

Кыргызстанда жакында айрым ЖМКлар тарабынан курулуш иштерине байланыштуу иликтөө жарыяланды. Анда бийлик жетекчилигинин жакындары өлкөдөгү курулуш иштерине кийлигишип жаткандыгы тууралуу дооматтар айтылды. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, өлкөдө жүрүп жаткан курулуштар тууралуу кеңири айтып берди. Президент бүткүл өлкө боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуштар баштала тургандыгына токтолуп, курулушка катышам деген каалоочу ар бир компанияны кызматташууга чакырды.

 Жакында OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” медиалары биргелешкен иликтөө жарыялашты. Андан кабарыңыз болсо керек. Иликтөөдө сиздин уулуңуздун достору, президенттин иш башкаруучусунун тааныштары ири курулуш иштерине аралашканы айтылат. Башкача айтканда, “бийликке жакын компаниялар ири курулуштарды ишке ашырууда” деген дооматтар айтылды. Негизи эле, курулуш компаниялары мамлекет тарабынан каржыланган долбоорлорго кандай шартта катыша алышат? Ошол эле Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү курууга даярбыз десе, аларга кандай талаптар коюлат?

 Негизи, мен өкмөттүк басылмаларга андай медиаларга жооп берип убактыңарды коротпогула деп буйрук бердим эле. Мындан кийин андай ойдон чыгарылган жалган иликтөөлөргө көңүл буруштун кереги жок. Убактыңарды пайдалуу иштерге жумшагыла деп айтып келем.

Мейли эми, акыркы жолу мен өзүм жооп берип коёюн. Мындан кийин андай оозуна ээ боло албагандарга жооп бериштин да кажети жок, көңүл да бурбаш керек.

Ири курулуш иштерине ким болсо да келип катышсын, эшик ачык. Ошол эле Баткенде курулган үйлөрдү жеке компаниялар ар бирин 5 млн 800 миң сомго курабыз деп келишкенде, бул сумма кымбат деп баш тартканбыз. “Аманат” компаниясы болсо 91 үйдү 3 млн 300 миң сомдон куруп беришти. Башка 33 компания дагы, айлалары кеткенде, ушул эле суммага макул болушту. Ошентип, Баткенге курулган 400дөн ашык үй 3 млн 300 миңден бүтүп калды. Мамлекеттин канча деген акчасын үнөмдөп калдык.

Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга салынып жаткан үйлөрдү “Кыргызкурулуш сервис” куруп жатат. Бул компания – 100 пайыз мамлекеттик компания. Мындан сырткары, “Аманат строй” компаниясы да куруп жаткан курулуштар бар. Жалал-Абадда "Бест Хаус Гранд" (ЖЧК) компаниясы дагы бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге макул болушуп, куруп жатышат. Жакында Өзгөндө дагы 5 гектар жерге курулуш иштери башталат. Дагы бир курулуш компаниясынын аты эсимде жок, алар да ушундай эле шартта курууга макул болушуп, келишим түзүү алдында турат.

Башка каалоочу компаниялар келсе, МИКтин эшиги ачык. Ошол эле сындап аткан ЖМКлардын өкүлдөрү же жакындары да келсин. Аларга да курулуш ишин аткарууга объект бергенге даярбыз. Баарына шарт бирдей. Бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге даярбыз деген компаниялардын баарына эшик ачык. Бирок бир күрөгү жок компания келсе, албетте, кабыл алынбайт. Мурда курулуш куруп жүргөн, курулуш техникалары бар компаниялар болушу шарт.

Алдыда МИК аркылуу бүткүл өлкө боюнча курулуштарды баштайбыз. Келишсин, баарына иш беребиз. Бирок бул суммага эч ким келбейт.

Мен чоң-чоң курулуш компанияларынын жетекчилерин кабыл алгам. “Келгиле, курулушка жардам бергиле” десем, “Биз бул суммага батир салбайбыз, бизге пайда түшпөй калат экен. Андан сырткары, объект бүткөнчө, курулуш материалдары кымбаттап кетсе, тескерисинче, банкрот болуп калат экенбиз” дешип, баш тартышкан.

Ошондуктан жогоруда аталган компанияларды суранып салдырып жатабыз. Дагы бир жолу кайталайм суранып. Алар 650 доллардан «под ключ» салып, МИКке өткөрүп беришет, ал эми МИК үстүнө өзүнүн кошумча наркын кошуп, элге 20-25 жылга ипотекага берет.

Куруучуларга талаптар катуу. Эптеп эле бир нерсе кылып, андан үнөмдөп, мындан үнөмдөп тапшырып кетем деген максаттары болсо, ал ишке ашпайт. Курулуш башталгандан бүткөнгө чейин көзөмөлдө болот. Бүткөндөн кийин дагы комиссия түзүлүп, текшерилип өткөрүп алынат. Анан элге берилет. Панелдик үйлөрдү салууга уруксат берилбейт. Темир-бетон каркас болушу кажет. Сейсмикалык туруктуулугу биз үчүн өтө маанилүү.

Курулушка катышам деген каалоочу компаниялар болсо, келе берсин. Айрыкча ушул жалганчы сынчылардын тааныш компанияларын чакырат элем. Келип өздөрүн көрсөтүшсүн. Колдорунан иш келер бекен – көрөлү. Тили сайрагандай болуп, колдорунан бир нерсе келер бекен? Ай ким билет? Колдорунан эч нерсе келбейт. Мындайларды турмушта далай эле көрдүк го.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин башкы директору Медербек Шерметалиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн